Аксыда көз жарган окуучу кыздын окуясы. Шектүү катары 17 жаштагы бала кармалды
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда көз жарган 7-класстагы кыздын окуясы боюнча шектүү катары 17 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин маалыматына шилтеме берип "Барометр” билдирет.
Белгилей кетсек, 1-апрель күнү Аксы районунун Кара-Суу айылынын 2007-жылы туулган 7-класста окууган өспүрүм кыз Аксы аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө келип, көз жарганы кабарлаган.
Маалым болгондой, бул окуя Аксы РИИБдин КЖБРне катталып, Тергөө кызматы тарабынан КРнын Жазык кодексинин 161-беренесинин (Зордуктоо) 4-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши тергелип жаткан.
“Анын алкагында бүгүн, 5-апрель күнү Аксы районунун 2004-жылы туулган тургуну А.К. кылмышка шектүү катары кармалып, КРнын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди”, - деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, милиция буга чейин, көз жарган 7-класстын окуучусу “эч ким менен болгон эмесмин” деп эч нерсе айтпай жатканын кабарлап, баланын атасын издөө иштери жүрүп жатканын билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/aksyda-kz-zhargan-okuuchu-kyzdyn-okuyasy-shekt-katary-17-zhashtagy-bala-karmaldy
Добавить комментарий ×