Аксыда 7-класстын окуучусу көз жарды

1 апреля 2021 15:12 6368 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жеңижок атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу көз жарды. Бул тууралуу окуучу кыздын мугалими маалыматты “Барометрге” тастыктады.

Маалым болгондой, кыздын кош бойлуу экенин ал көз жарганга чейин эч ким билген эмес.

Мугалимдин айтымында, кыз үлгүлүү үй-бүлөдө тарбияланып, мектептин алдыңкы окуучуларынын бири болгон.

“Кыз кече, 31-март күнү түндө көз жарган. Бул кабарды угуп, баарыбыз шок абалында турабыз. Азыр кыздын да, ымыркайдын да абалы жакшы деп уктук”, - деди мугалим.

Ал эми, облустук милиция бул окуя тууралуу учурда териштирүү жүрүп жатканын кабарлады. 

"1-апрель күнү саат 07:00 чамасында Аксы районунун Кара-Суу айылынын тургуну  2007-жылы туулган  А.Ж.  Аксы аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө келип, көз жарган.
Бул маалымат Аксы РИИБдин маалымат каттоо электрондук журналына "16 жашка чыга элек өспүрүм менен жыныстык катнашта болуу" фактысы менен  катталды. Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат милициянын маалыматында. 

Ссылка: https://barometr.kg/aksyda-7-klasstyn-okuuchusu-kz-zhardy



Добавить комментарий