Аксыда катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти (Сүрөт)
Бөлүшүү:
Аксыда катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда кечээ, 16-июлда саат 23:00 чамасында каттуу шамал катталып (шамалдын ылдамдыгы такталууда), Кара-Суу айыл аймагына караштуу Топ-Жаңгак тилкесиндеги, авариялык абалда деп корутунду чыгарылган Кулназаров атындагы орто мектебинин 15 чарчы метр чатырын учуруп кетти.
Жеринде ӨКМдин Аксы райондук бөлүм башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барууда.
Учурда каттуу болгон шамаалдын кесепеттери такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/aksyda-katuu-shamal-mekteptin-chatyryn-uchurup-ketti
Добавить комментарий ×