"Акшоола" телесериалынын үн жаздыруу иштери соңуна чыкты

16 ноябрь 2018 12:40 1744 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Көпчүлүк сериал сүйүүчүлөрүнүн көңүлүн бурган "Акшоола" телесериалы жакынкы күндөрдө аяктоо алдында турат. Жыйынтыгы кандай болоору элдин барын түйшөлтүп жатканын Самара Каримованын интернет баракчасындагы ой-пикир калтыргандардан байкоого болот. Ал эми Каримова өзү инстаграм баракчасы аркылуу сериал тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтууну улантууда. Буга мисал кечээ, 15-ноябрда сериал аяктоо алдында турганына карабай эми гана үн коштоо процесси бүткөнү тууралуу жарыялады. 

Ал өз постуна: 

"Бүгүн соонун күн. Акшоола сериалынын 25-серияга чейин үнүн жазып бүттүк. Сахна артында көп кыйынчылык бар. Чоң команда баарыныздарга чоң рахмат! 40 мүнөт көрүп коюш оңой бирок аны тартыш тоодой эмгек. Канча кыйналдык, ач калдык, ток калдык, үшүдүк, ысыдык, ыйладык, күлдүк , эмгек кылдык. Эр эмгегин-жер жебейт! Сериал жаратуучулар азаматсыздар! Мыкты режиссер Ырыс Окенова сиз суперсиз" -деп жазып калтырды. 

Бирок, ырчы белгисиз себептерден улам постко пикир жазуу бөлүмүн өчүрүп койду. 

Ссылка: https://barometr.kg/akshoola-teleserialynyn-n-zhazdyruu-ishteri-souna-chykty



Добавить комментарий