Айзада Жамгырчиева: Ийгилик каалап коюңуздар ээ!

23 июнь 2021 14:52 1732 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жакында “50kvartal” студиясы “Шерине” деп аталган жаңы кыргыз сериалын көрүүчүлөргө тартуулайт. Бул тууралуу алып баруучу Айзада Жамгырчиевага шилтеме берип "Барометр" билдирет.

“Залкар Зулпукаровичтин үй-бүлөсү. Жакында, жаңы сериал "Шерине". Буйруса мен көнүп калган "стерва" эмес, жаңы образда роль жаратам! Ийгилик каалап коюңуздар ээ!”, - деп күйөрмандарына кайрылды социалдык тармактагы баракчасы аркылуу алып баруучу.

Эскерте кетсек, Айзада Жамгырчиева теле алып баруучу, тамада, актриса, ырчы катары таанымал.1995-жылы 23-августта Талас областынын Кызыл-Октябрь айылында төрөлгөн.

Кошумчалай кетсек, кыргыз сериалдары учурда эл арасында абдан популярдуу болуп жатат. Ютуб каналдарынан мындай сериалдарды миңдеген көрүүчүлөр көрөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ajzada-zhamgyrchieva-ijgilik-kaalap-koyuuzdar-ee



Добавить комментарий