АКШнын полициясы кайрадан афроамерикалык жаранды өлтүрүп алды. Ок атуу видеосу
АКШда кайрадан полициянын колунан кара терилүү жаран каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Окуя өткөн жума күнү болуп, ишемби күнү шаарда кайрадан нааразычылык акциясы башталды.
Буга чейинки маалыматтарга караганда, полицияга автоунаа туура эмес жерде токтоп тургандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган полиция кызматы мас абалындагы 27 жаштагы Рэйшард Бруксту алып кетүүнүн аракетин көргөн. Кармашуу учурунда ал полиция кызматкеринин электрошокерин жула качкан. Аны кубалап бара жаткан полиция чыгарган ок барып Брукска тийип, ооруканада көз жумган.
Жаранга ок чыгарган полиция кызматкери кызматтан алынды, дагы бири убактылуу четтетилди.
Ал эми Атлантанын полиция жетекчиси Эрика Шилдс отставкага кеткен.
Массалык башаламандыктын катышуучулары эми автоунааларды да өрттөп жатышат. Полиция аларды таратуу үчүн көздөн жаш чыгарган газды колдонууда.
Эске салсак, 46 жаштагы афроамерикалык Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап күч колдонгондон кийин көз жумган. Анын өлүмү жергиликтүү калктын жана АКШдан башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Ал эми Американын бир нече шаарында башаламандык болуп, талап-тоноо күч алган.
Ссылка: https://barometr.kg/akshnyn-policiyasy-kajradan-afroamerikalyk-zharandy-ltrp-aldy-ok-atuu-videosu
Добавить комментарий ×