АКШга жакындап келе жаткан үрөй учурган урагандын сүрөттөрү жарыяланды (сүрөт)

27 август 2020 12:20 1238 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 NASAнын австронавты Крис Кэссиди АКШны көздөй жакындап келе жаткан “Лаура” ураганынын сүрөттөрүн жарыялады. Бул тууралуу Крис Кэссидинин Twitterдеги өздүк баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кэссиди сүрөттөр 26-августта спутниктен тартылганын айтты.

Жерден бир канча алыстыктан тартылса да адамдын жүрөгөнүн үшүн алган ураган АКШнын Луизиана жана Техас штаттарына жакындап келе жатат.

Бир нече убакыттан кийин ураган 64,8 м/с ылдамдыкта келип каптайт деп айтышууда окумуштуулар.

Эксперттердин айтымында ураган болуп көрбөгөндөй кыйроолорду алып келери айтылууда. Аталган аймактардан 500 ашуун адам эвакуацияланды.

Ссылка: https://barometr.kg/akshga-zhakyndap-kele-zhatkan-rj-uchurgan-uragandyn-srttr-zharyyalandy-srt



Добавить комментарий