АКШга келет деп күтүлүп жаткан “Лаура” ураганы бир канча адамдын өмүрүн алып кетти (видео)

28 август 2020 09:49 952 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШнын Луизиана жана Техас штатын “Лаура” аталышындагы ураган 27-август күнү түндө каптап, алты адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” которду.

Маалыматка ылайык, ураган Луизиана штатындагы 875 үйдүн электр зымдарын үзгүлтүкө учураткан. Шамалдын ылдамдыгы 241 км/с жетип, буга чейин боолголонуп жаткандан да күчтүү келген.

Лейк-Чарльз шаарында табигат кырсыгы суу үстүндө салынган казинону алып кеткен. Муну менен катар жакын жайгашкан  штаттар Техасда жана Арканзаседе да кыйроолор болгондугу айтылууда.

“Биз буга чейин ураган өтө чоң кыйроолорду алып келет деп күткөнбүз. Бактыга жараша биз болжолдогондон азыраак болду. Бирок кантсе да биз чоң апаатты башыбыздан өткөрүп, бир топ жоготууларга дуушар болдук.”, - деди Луизиана штатынын губернатору Джон Белл Эдвардс.

Анын айтымында “Лаура” ураганы Луизиана штатынын тарыхында эң кубаттуу жана көптөгөн кыйроолорду алып келген табигат кырсыгы болуп калды.

Аталган ураган Кубаны, Гаитини жана Доминикан республикасын да каптап өтүп, 20 адамдын өмүрүн алды.

Доминикана республикасында урагандын кесепетинен электр жабдыктары жабыркап, суу ташкыныны болду.



Ссылка: https://barometr.kg/akshga-kelet-dep-ktlp-zhatkan-laura-uragany-bir-kancha-adamdyn-mrn-alyp-ketti-video



Добавить комментарий