АКШда крокодилге окшогон балык табылды – сүрөт
Американын Пенсильвания штатынын Рандо Тауншип поселогундагы көлмөлөрдүн биринен крокодилге окшогон балык табылды. Бул тууралуу 3CBS Philly телеканалы кабарлады.
Ага ылайык, балык өлүп калган. Алдан ала маалымат боюнча балык Мексика кысыгынан келгендиктен жергиликтүү климатка көнө албай өлүп калган болушу ыктымал.
Балык көпчүлүктүн көңүлүн бурганы менен адистер бул болгону балыктардын ири тобуна кирген Миссисипи панцирниги экенин айтышууда. Аталган балык негизинен Түндүк жана Борбордук Американы байырлайт. Бул балык адистер арасында аллигатор щука деген ат менен дагы белгилүү.
Ссылка: https://barometr.kg/akshda-krokodilge-okshogon-balyk-tabyldy-srt
Добавить комментарий ×