АКШда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 33 миң кишиге жетти
Америка Кошмо Штаттарында коронавирустан каза болгондордун саны 32 917 кишиге жетти. Ал эми оору 677 801 кишиге жукканы расмий ырасталды.
Дүйнө жүзү боюнча оору 2 миллион 155 миң 430 кишиге жугуп, илдет 144 987 кишинин өмүрүн алды. Коронавирустан 537 233 киши айыкты.
Оору жуккан жана андан каза болгондордун саны боюнча АКШ биринчи орунда. Андан кийинки орунда Испания, Италия, Франция, Улуу Британия, Германия Кытай, Иран турат.
Аталган мамлекеттерде коронавирус жуктургандар менен андан көз жумгандардын саны күн санап өсүп жатат.
АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун оорунун чыныгы масштабын жашырган, өзүнүн ишин так аткара алган жок деген кине коюп, уюмду каржылоону токтото турганын билдирди.
Ал ортодо Кыргызстанда соңку маалыматтар боюнча 466 кишиге оору жугуп, 5 киши андан каза болду.
Ссылка: https://barometr.kg/akshda-koronavirustan-lgndrdn-sany-33-mi-kishige-zhetti
Добавить комментарий ×