АКШда коронавирустан каза болгондордун саны 198 миңден ашты. АКШ коронавирус пандемиясынын эпицентри бойдон калууда
АКШда коронавирус инфекциясынан улам бир сутка ичинде 677 адам каза болгон. Коронавирус илдетинин курмандыгынын жалпы саны 198 150 адамга жетти. Бүгүнкү күнгө чейин 91 миллионго жакын тестирлөө аяктады. Бул тууралуу АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Пандемия 2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын борбордук бөлүгүндөгү Хубей провинциясынын Ухань шаарында белгисиз пневмониянын алгачкы учурлары аныкталгандан башталды.
2019-жылдын 31-декабрында Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДССУ) белгисиз пневмониянын башталышы жөнүндө маалымдады.
30-январда ДССУ коронавирусту эл аралык маанидеги ден-соолукка байланышкан өзгөчө кырдаал деп тааныган.
2020-жылдын 11-февралында бул илдет жаңы коронавирустук оору (COVID-19) деп аталды.
2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эпидемия пандемияга айланганын жарыялаган.
Добавить комментарий ×