АКШ менен Канададан кыргызстандык 146 окуучу жана студент Бишкекке учуп келди
23-майда Бишкекке Кыргызстандын окуучуларын ыкчам ташып кетүү максатында уюштурулган атайын каттам менен АКШ жана Канаданын ар кайсы шаарларындагы КРнын жеке жарандык-жактары жана АКШда тажрыйба алмашуу программасы боюнча окуп жаткан 109 мектеп окуучусу, 37 студент келди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
“Мектеп окуучулары жана студенттер ар кайсы шаарларда тажрыйба алмашуу программасынын алкагында FLEX, International Student Exchange, North West Student Exchange, Fullbright программалары боюнча окуп жатышкан. Дүйнө жүзүндөгү эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына жана COVID-19 илдетинин жайылып жаткандыгына байланыштуу, КР ТИМи жана президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасын аткаруу максатында Кыргызстандын жарандарын чет өлкөдөн кайтарып алуу боюнча иштерди жүргүзүүдө”, — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда көптөгөн өлкөлөрдөгү окуу жайлар карантинге жабылган, үзгүлтүксүз коммерциялык каттамдар токтотулган. Ушул себептен Кыргызстандын АКШ жана Канадада билим алып жаткан жарандары мекенине кайтып келишине көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдиришкен.
Жалпы алганда Кыргызстанга 146 жүргүнчү тийиштүү каттам менен кайтарылган, алардын ичинде улгайган жарандар, ошондой эле ден соолугунун абалы боюнча шашылыш эвакуацияга муктаж жарандар бар. FLEX программасы боюнча окуп жаткандардын Бишкекке акысыз келиши АКШ Элчилиги менен КР ТИМдин тыгыз кызматташуусунун колдоосунда, Кыргыз Республикасынын Вашингтондогу элчилиги, америкалык Кеңештин эл аралык билим берүү боюнча программанын администраторлору тарабынан уюштурулду.
Бишкекке келгенден кийин жүргүнчүлөр Кыргызстандын ар кайсы булуң-бурчунан келген өздөрүнүн үй-бүлөсү менен жолуккандан мурда КР саламаттыкты сактоо министрлигинин тест тапшыруу жана карантинге карата коюлган талаптарын аткарышат.
Добавить комментарий ×