АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун каржылоону токтотот
АКШнын президенти Дональд Трамп расмий Вашингтон Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун каржылоону токтото турганын билдирди.
“Мен бүгүн администрацияны Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун башкаруудагы каталарды толук иликтеп чыкканга чейин жана коронавирус боюнча маалыматты жашыргандары үчүн төлөмдөрдү которууну токтотууну тапшырдым”, — деди ал.
Трамптын айтымында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өзүнүн түз милдеттерин так аткарбай, коронавирус эпидемиясы боюнча маалыматты убагында ала алган эмес. Андан сырткары дүйнө жүзү боюнча оорунун тарашы тууралуу маалыматтары дагы так эмес.
“ДСУ Кытай гана берген маалыматтарга таянгандыктан дүйнө жүзүндө бул ооруга чалдыккандар 20 эселеп өсүп кетти. Мынчалыкка жеткирбегенге мүмкүнчүлүк бар эле”, — деди АКШ президенти.
Ал андан сырткары Америка Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун түзүмүн реформалоого ниети бар экенин кошумчалады.
Акыркы маалыматтар боюнча коронавирус 2 миллиондон ашык кишиге жугуп, 120 миңден ашык кишинин өмүрүн алды.
Ссылка: https://barometr.kg/aksh-djnlk-salamattyk-saktoo-uyumun-karzhyloonu-toktotot
Добавить комментарий ×