АКШ Афганистанга бомбалоочу учактарын жөнөттү

9 август 2021 12:04 880 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америка “Талибан” кыймылынынын жоочуларына каршы күрөшүш үчүн Афганистанга “B-52 Stratofortress” бомбалоочу учактарын жөнөттү. Бул тууралуу Times булагына шилтеме берүү менен “Барометр” кабарлайт.

Басылма берген маалыматка таянсак, бомбалоочулар Афганистанга Катардагы америкалык базадан учуп чыгышты. Алардын саны айтылган жок.

“Учактар Кандагар, Герат, Лашкаргах жана Гильменд шаарларындагы талибан жоочуларына сокку урат”,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 3-августта Афганистандын Коргоо министринин үйүндө мина коюлган унаа жарылган жана үйгө жоочулар кол салышып, кармаш төрт саатка созулган.

Министрдин үйүндөгү кол салууну “Талибан” кыймылы моюнуна алды.

   

Ссылка: https://barometr.kg/aksh-afganistanga-bombaloochu-uchaktaryn-zhntt



Добавить комментарий