Баткенде өзгөчө кырдаал учурунда иштеп жаткан укук коргоо органдарынын иши текшерилди
29-30-апрель күнү вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал майору Сүйүн Өмүрзаков Баткен областынын Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда, Кызыл-Кыя шаарында жана Ош областынын Ноокат райондорунда укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн, чек ара кызматтарынын жана мамлекеттик мекеме-уюмдарынын өзгөчө кырдаал убагындагы ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу менен бирге аткарылып жаткан иштердин сапаты, коронавирус илдетин жоюу жана таркалып кетүүсүнө бөгөт коюу боюнча аткарыла турган иш-чаралар менен жакындан таанышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Алар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы көзөмөлдү күчөтүү максатында Лейлек районундагы Интернационал айылындагы жана «Кайрагач» көзөмөл-өткөрүү жайларына барды. Акрам Мадумаров менен Сүйүн Өмүрзаков бул пункттардын ишин көрүп, санитардык-эпидемиологиялык жана башка текшерүү чараларын күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Ошондой эле, вице-премьер-министр чек арага чектеш жайгашкан Жаңы-Жер жана Кулунду айыл аймактарына барды. Ал чек арага чектеш райондорду өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын айрым пункттарын ишке ашыруунун жана жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар тапшырмаларды берди.
Айрыкча Баткен областындагы чек ара өтмөктөрүндөгү санитардык-карантиндик эпидемиологиялык посттор, ал посттордо кызмат өтөп жатышкан кызматкерлер менен медиктердин ишмердүүлүгүнөн кабар алып, аларга өз милдеттери кынтыксыз аткаруу туурасында тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмалар коюлду.
Добавить комментарий ×