Акча дагы жагымдуу шарттарда көбөйгөндү каалайт
Акча туралуу ырым жырымдар болгон жана болоберет, биз токтолуп кете турган ырымдарга ишенесиңби же жокбу, ал сенин эркиң. Бирок, окубай өткөрүп жиберүү, албетте мүмкүн эмес. Биз сөз кыла турган белгилерди эстеп калуу жана аткаруу анча деле кыйын эмес.
Ар дайым акчага болгон жөнөкөй эрежелерди кармап жүрүү, көп акчалуу болууда айрым бир инстинкт жаратат. Өзүңдү өзүң программалоо башталат, бара бара бул адатка айланат. Акчаны берүүдө, сарптоодо банкоматтардай иштөө системасына өткөндөй болсуз. Атайын эреже, өзүнүн ирээти менен, керек болгон жакка жана керектүү өлчөмдө.
Ачка сезилбегени менен, адамдын энергиясынан дагы артык эренгияга ээ. Ага туура эмес мамиле жасоо каржы чөйрөдө дисбаласты пайда кылат.
Акча санакты жакшы көрөт. Акчаны санаганды да билиш керек.
Акча чогулганды сүйөт, бирок аны акылы менен сактоо талап.
Акча жагымдуу жагдайда көбөйүшү үчүн кооз үй керек.
Эгерде сиз бир ай бою эмгектенип жүрүп, эмгек акыңызды нак акчалай түрүндө алсаңыз, ошол эле күнү бир да сомун коротпоңуз. Ал күнү үйүңүзгө келээри менен, акча сактаган жериңизге сактап коюуңуз, акчаңыз үйүнүздө бир түн түнөшү керек.
Акчаны сактоодо кызыл түстөгү нерселерге басым жасаңыз, кызыл конверт, кызыл коробка, кызыл шкатулка ж.б. Акчаны салып жатканда, ар бир акчанын түгөйү болушу зарыл, түгөйсүз акча кайдан көбөймөк эле.
Акчаны капчыка салганда шашылбастан оңунан, оң жак бети менен салыңыз. Оң жак бети атактуу инсандардын сүрөтү тартылган жагы, бул инсандардын сүрөтү мүмкүн болушунча оңунан турушу керек, башы тескери ылдый карап калганы болбойт. Шашылып ирээтсиз салынып калган акча болсо, убакыт таап кийинчерээк ирээтке салып коюуңуз, акча андагы инсандардын сүрөтү капа болбошу керек. Чоң акчалар ( 2000-5000 ж.б.у.с.) жайгашуу тартиби боюнча өзүңүзгө жакын турушу керек.
Дагы бир жолу айтабыз, акча санакты жакшы көрөт, бирок кечинде санабаңыз. Капчык белекке бергиңиз келсе, анын баркына жеткен, каржы жагынан туруктуу адамга бергениңиз оң жана ал капчыктын ичи бош болбошу керек. Капчык эч качан тытык, жыртык, өтө эскирген болбошу керек. Капчыкты жыртылгыча колдонууга жол болбойт. Каптыкты алмаштырсаңыз, эски капчыкты ыргытып же өрттөп жибербеңиз. Алмашылган капчыкты бирөөгө берип коем деп да ойлобоңуз. Ал капчыкты кызыл чүпөрөккө салып бир жыл жакшы катып коюуп, кийинки жылы өрттөп салыңыз (12 айдан кийин).
Ссылка: https://barometr.kg/akcha-dagy-zhagymduu-sharttarda-kbjgnd-kaalajt
Добавить комментарий ×