Акаев: Бишкекти каптаган контрабандисттер "Ак үйгө" чейин келип депутаттарга бензин саткыдай болуп калды
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев учурда Бишкектин тегерек чети контранда менен келген бензинге толгонун парламенттин жалпы жыйынында айтып, аларды ооздуктоо кыйын болуп калганына токтолду.
“Мына жакында ак үйгө чейин келип контрабандистер депутаттарга дагы бензин саткана калды. Бишкекти каптап бүттү. Эксперттин баалоосу боюнча жыл сайын күйүүчү жана майлоочу майдын контрабандасынан бюджетке 5 млрд сом түшпөй жатат. Сунуш берет элем, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин, финансы полициясынын, салык кызматынын жетекчилерин баш кылып 3-4 жетекчини кызматтан алышыңыз керек. Чечкиндүү кадамга барганда контрабанда токтойт. Кийинки келген жетекчиге контрабанданы токтотуу талабын коюшуңуз керек”, — деди ал.
Акаев ошондой эле контрабандага жол бербөө боюнча иш алып барган органдардын маалыматтары туура эмес болуп жатканын да белгиледи.
“Жыл башынан бери контрабандалык 22 факты катталыптыр. 22 факты бул күнүнө түшкө чейин өтөт. Булардын маалыматы бүт жалган болуп жатпайбы. Ошондуктан контранбанданы жойсоңуз, бюджетке акча түшөт эле. Мына бюджетке кайдан акча табабыз деп таппай жатабыз. Контрабанда менен күрөшүүдөн табабыз. Жетекчилерге катуу талап коюшуңуз керек. Планды аткара албаса жумуштан алыш керек”, — деди депутат.
Эл өкүлү өкмөттүн ишинде позитив кемчиликтер менен коштолуп жатканын да белгиледи.
“Коопсуз шаар, мугалимдердин айлыгын көтөрүү сыяктуу жакшы иштер бар. Сиздин программаңыз “Жаратмандык жана ишеним” деп аталып келе жатат. Тилекке каршы күч органдарына болгон ишеним жок азыр. Бажы, финполиция, салык кызматы прокуратурага элдин ишеними жок”, — деди.
Жанар Акаев премьердин 2019-жылдагы жасаган иштеринин отчету боюнча пикирин мындайча билдирди.
“Отчетуңузду окудук, Саакашвилиден кийинки эле реформатор өкмөттөй сезилет экен. Бирок тилекке каршы адилетсиздик, паракорлук дагы деле күчөп жатат. Ошого чечкиндүү кадамдарга барышыңыз керек деп ойлойм”, — деди ал.
Добавить комментарий ×