Ак-Тилек конушунда өспүрүм тонолуп, шектүү кармалды

18 февраль 2020 10:11 470 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Шаардык милициянын ыкчам кызматкерлери өспүрүмдү тоноду деген шектүүнү кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 13-январда жаран милицияга кайрылып, Ак-Тилек конушундагы Надыр көчөсүнөн белгисиз бирөө 16 жаштагы баласынын телефонун жана 3 миң сомун тартып алганын айткан.

Ыкчам тергөө амалдарынын жыйынтыгында шектүү катары 26 жаштагы киши кармалып, Бишкек ШИИдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилип жатат.

Эгер ушундай окуяларга тушуккандар болсо 0 (551) 102-805, 0 (705) 270-903, 0 (778) 090-318, 0 (312) 432-815 жана 102 номерине чалса болот.

Ссылка: https://barometr.kg/ak-tilek-konushunda-sprm-tonolup-shekt-karmaldy



Добавить комментарий