Ак-Талаадагы мечитти жылуулоого жеке ишкер 100 миң сом берди

1 декабрь 2020 15:10 1565 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылындагы мечиттин жылытуу системасын коюуга жеке ишкер 100 миң сом каражатын бөлүп берди. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун баш имамы Акылбек Эсеналиевдин маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Анын айтымына караганда, Кара-Бүргөн айылынын мечитинде жылуулук системасы жок болгондуктан улам кышкысын мечит жамааты кыйналып келишкен. Мечиттин жылуулугу үчүн айыл жаштары тарабынан акча чогултулуп баштаган.

«Мечитке жылуулук системасын киргизүүгө айыл жаштары өз ыктыярлары менен акча чогултуп башташкан. Жалпысынан 100 миң сом керек болгондуктан «МС Билдинг» курулуш фирмасынын кожоюну, Ак-Талаалык Мурадил Сыдыковго айыл жаштары кайрылышкан. Жеке ишкер Кара-Бүргөндөгү мечитке  жылуулук системасына керектүү материалдарды алууга 100 миң сом каражат тапшырып берди. Жаштардын сунган колун суутпай, колдоо көрсөткөн жеке ишкерге ыраазычылык билдиребиз»,- деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/ak-talaadagy-mechittin-zhyluulugu-chn-zheke-ishker-100-mi-som-berdi



Добавить комментарий