“Ак-Кула” ат майданынан архитектуралык эстелик статусу алынып салынды. Түртүлүп, кайра салынат

7 сентябрь 2020 15:56 1116 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарындагы “Ак-Кула” ипподрому авариялык абалда. Ага байланыштуу Бишкек мэриясы ат майданды толугу менен түрттүрүп салып, заманбап талаптарга жооп берген жаңы ипподромун куруу долбооруна тендер жарыялайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматта, ипподромдун азыркы абалы авариялык деп айтылат. Ал 1947-жылы КРнын эмгек сиңирген архитектору Владимир Нусовдун автордук долбоору боюнча курулган. Тилекке каршы, имараттын техникалык абалы жана курулушу азыркы нормаларга ылайык келбейт жана адам өмүрлөрүнө кооптулук жаратат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун  техникалык кортунду чыгарган. Ага ылайык, 2019-жылдын 29-ноябрында ипподромдун аймагын текшерүүнүн жыйынтыгында ат майдандын имараты талап кылынган нормаларга жооп бербейт жана жер титирөөгө туруктуу эмес деп табылган.

Ипподромдун авариялык техникалык абалын эске алсак, отура турган орундуктарды көбөйтүү менен имаратты реконструкциялоо мүмкүн эмес. Тилекке каршы, комплекс көп көрүүчүлөрдү батыра албайт.

Ушул жылдын сентябрь айынын башында институттун корутундусунун жана КРнын Өкмөтүнүн  ведомстволор аралык комиссиянын корутундусунун негизинде Ак-Кула ипподромунун имаратын республикалык маанидеги архитектуралык эстелик статусун жоготту деп таануу, түрттүрүү жана жаңы ипподром комплексин куруу жөнүндө No466 токтому кабыл алган.

Шаар тургундарынын, конокторунун жана спортчулардын коопсуздугу үчүн шаардык мэрия ипподромду талаптагыдай абалга келтирүүсү керек. Анткени, “Ак-Кула” ипподрому Бишкек шаарынын аймагында ат спорт оюндарын өткөрө турган жалгыз жер деди мэриядан.

Мэрия ат майдандын долбоорун иштеп чыгууну каалгандарды конкурска катышууга чакырды. Техникалык тапшырма мамлекеттик сатып алуулар сайтында күндүн аягына чейин жарыяланары айтылды.

Ссылка: https://barometr.kg/ak-kula-majdanynan-arhitekturalyk-estelik-statusu-alynyp-salyndy-trtlp-kajra-salynat



Добавить комментарий