Бишкек мэриясы Ак үйдү курчап турган тосмону буза баштады (видео)

6 ноябрь 2020 10:32 1044 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Бишкекте Жогорку Кеңеш менен президенттин апараты жайгашкан Ак үйдүн айланасындагы тосмону бузуу иштери башталды.

"Бул тосмону алып салуу Садыр Жапаровдун сунушу. Ал “бийлик менен элдин ортосундагы тосмону алып салуу керек” деген. Бул да болсо жаңы бийликтин элге жакын болуу максаты болсо керек. Кече, 5-ноябрда Спикер Талант Мамытов мага ушул дубалды алып сал деп кат жазган. Жер мэрияга, имарат Жогорку Кеңешке таандык болгондуктан, тосмону бузуп жатабыз. Менин билишимче, мындан ары президент бул жерде отурбайт, парламент гана отурат. Бузулган соң жашылдандыруу долбоору башталат», - деди мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев.

Көпчүлүктү кызыктырган тосмо бузулган соң кайда алып барып койосуздар деген журналисттердин суроосуна.

“Эми бул менин чарбалык жумушума байланыштууда. Азырынча ойлоно элекмин. Бирок, үйүмө эмес, керектүү бир жерге алып барып колдонобуз”, - деди ал.

Ошондой эле, Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде, апрель окуясында курман болгондордун ысымдары жазылган тактайчалар орнотулган бурч кала берери белгилүү болду.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-ak-jd-kurchap-turgan-tosmonu-alyp-saluu-ishteri-bashtaldy



Добавить комментарий