Ак илбирс Жаабарстын көздөрү көрбөй калды
Талас облусунун Көк-Ой айылында табылып, кийин Бишкекке алынып келген ак илбирс Жаабарстын көздөрү көрбөй калды. Бул тууралуу “Бугу Эне” коомдук фондусунан кабарлашты.
Ага ылайык, жырткыч жаныбарды Кыргыз-орус славян университетинин офтальмология кафедрасынын башчысы профессор Михаил Медведев Улуттук госпиталдын офтальмология бөлүмүнүн дарыгерлери Нурлан Тургунбаев менен Александр Островерхов келип көргөн.
Тилекке каршы буга чейинки дарылоо аракеттеринен майнап чыккан эмес. Ак илбирсти караган адистер анын эки көзү тең толук көрбөй калганын аныкташкан.
“Жаныбар такай көзөмөлдө болушу керек, себеби ириңдеп кетүү коркунучу чоң”, — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Таластын Көк-Ой айылынын четинде бактын башына чыгып кеткен ак илбирс айыл тургундарынын көңүлүн бурган. Ал атайын адистердин жардамы менен кармалып, Бишкекке алынып келген. Дарыгерлер илбирске бытыроо ок тийгенин айтып, негизинен анын башы жабыркаганын аныкташкан болчу. Атайын рентген тартылып, андан соң дарылоо аракеттери башталган. Адистер ага Жаабарс деген ат берген болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/ak-ilbirs-zhaabarstyn-kzdr-krbj-kaldy
Добавить комментарий ×