Таласта кармалган илбирс реаблитациядан өтүп жатат
Мамэкотехинспекциянын директорунун орун басары Р.Артыкбаев, экологиялык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы М.Омуров, басма-сөз катчы А.Мамбеталиева жана аталган башкармалыктын инспекторлору Талас облусунда кармалган илбирстин абалы менен таанышып келишти.
Илбирс учурда “Бугу-Эне” коомдук фондунун карамагында реабилитациядан өтүп жатат. Илбирс кармалган күндөн тарта Мамэкотехинспекциянын көзөмөлүндө болууда. Баса белгилеп өтчү жагдай, аталган фонддун жетекчиси Салтанат Сеитова илбирстин дарылануу процессин толук колго алып, ийне саюу жана тамчылатма дарыларды куюну да өзү жүргүзөт.
Бүгүнкү күнгө чейин ар кандай жаракат алган жардамга муктаж жапайы канаттуулар жана жырткычтар Мамэкотехинспекция тарабынан “Бугу-Эне” коомдук фондунун карамагына өткөзүп келген. Жогорку деңгээлдеги камкордук менен жаныбарлардын саламаттыгына көңүл бөлгөн фонддун жетекчиси Салтанат Сеитовага Мамэкотехинспекция тарабынан терең ыразычылык билдирилди. Ошондой эле “Бугу-Эне” коомдук фондуна Мамэкотехинспекция тарабынан материалдык жардам көрсөтүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/zhaabarska-zhardam
Добавить комментарий ×