Ак-Буура дарыясынан 18 жаштагы баланын денеси табылды
Бөлүшүү:
Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен баланын денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ош облусунун Кара-Суу районунда 7-июнь күнү 2002-жылы туулган бала Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен.
Кечээ, издөө иштерине Кара-Суу районунун №25 аскердик өрткө каршы куткаруу бөлүмү тартылып, жыйынтыгында 18 жаштагы баланын жансыз денеси табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/ak-buura-daryyasynan-18-zhashtagy-balanyn-denesi-tabyldy
Добавить комментарий ×