Айжамал Кабылова: "Жаманбы жакшыбы эки баламдын атасы. Мындан ары келечегибиз бир!"

7 декабрь 2018 09:00 17901 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Айжамал Кабылова күйөөсү менен жарашканы тууралуу айтты. Ал инстаграммдагы жеке баракчасы аркылуу көпчүлүккө билдирди.

"Ар кимдин күйөөсүн, аялын өзүнө гана кут кылсын. Бул нерсени ачыкка чыгарбай эле коёюн деген болчумун. Бирок кээ бир үйүндө олтуруп алып, кылаарга иши жок, күйөөсүн кызганып олтурган айымдарга жооп бергим келди. Ооба мындан үч жыл мурун ушакчылардын, акыл уйрөткөндөрдүн айынан үй-бүлөбүз кулаган. Бирок биз бул күндөрдү Кудайдын бизге берген сыноосу деп билебиз. Жаманбы, жакшыбы эки баламдын атасы. Мындан ары алдыга койгон максаттарыбыз, келечегибиз бир. Эч кабатыр болбоңуздар урматтуу айымдар. Менин үй-бүлөмдө баары мурдагыдан да сонун"-деп жазды.

Эске салсак, 2016-жылы ырчы айым жолдошу менен пикир-келишпестиктер болуп, эки айрым жолго түшүшкөн. 


Ссылка: https://barometr.kg/ajzhamal-kabylova-zhamanby-zhakshyby-eki-balamdyn-atasy-myndan-ary-kelechegibiz-bir



Добавить комментарий