Айзаданын өлүмү. Айыпталуучуларга бүгүн өкүм чыгат
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча соттук териштирүү аяктаганын ЖМКларга шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.
Өзүнүн акыркы сөзүндө айыпталуучу Сыймык Молдосариев кечирим сурады. Андан башка эч нерсе айткан жок.
Соттор жыйын бөлмөсүнө кетишти.
Буга чейин прокурор баардык айыпталуучуларды күнөөлүү деп табууну суранган. Орузбек Нурумбетовду 7 жылга эркинен ажыратуу, Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу, Ажикабыл Рысбай уулу, Замирбек Раманкуловдорду 6,5 жылга эркинен ажыратуу сунушу берилген.
Эскерте кетсек, Айзада Канатбекова 5-апрелде уурдалып кетип, аны уурдап кеткен жаран экөө тең каза тапкан.Ала качууга шектелгендин баары кармалган.
Ссылка: https://barometr.kg/ajzadanyn-lm-ajyptaluuchularga-bgn-km-chygat
Добавить комментарий ×