Айымдардын кийим тандоодогу каталары
Кийим тандоодо көбүнчө толук адамдар кыйналышат. Бирок айрымдар денесинин кемчилигин жашырам деп оркойтуп көрсөтүп алышат. Бул тууралуу стилисттердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет
Мисалы, толуктугун жашыруу үчүн кенен көйнөктөрдү кийишет. Бул денени ого бетер чоң көрсөтөт. Ошондой эле толук айымдар кыска жемперлерден, костюмдардан качканы оң. Анткени кыска кийим аларды ого бетер тоголок көрсөтөт. Сызыкчалары туурасынан кеткен, чоң-чоң сүрөттөрү бар кийимдер денени толук көрсөтөт. Толук айымдар классикага көбүрөөк басым жасашы керек. Узун, тикесинен кеткен сызыктары бар көйнөктөр денени сымбаттуу көрсөтөт. Стилисттер “алаксытуучу манёвр” деп коюшат. Мисалы, чоң чөнтөктөр менен өзгөчө түс же бир асем буюм кишинин көңүлүн буруп, басым анын толуктугуна жасалбайт.
Арык айымдардын кийинүү стили
Адатта арыктарга баары жарашат деп коёбуз. Бирок ашыкча арыктыкты да жашырууга туура келет. Мисалы, жамбашы жалпак деп коёлу. Мындай айымдар денесинин бул мүчүлүшүн жашыруу үчүн көпчүлүк учурда белден ылдыйкы бөлүгү жайык көйнөктөрдү, юбкаларды кийгени оң. Чапташкан жынсы шымдар жамбаштын жалпак экенин билгизип, көзгө жаман көрсөтөт. Ал эми төшү жалпактар көкүрөгү бир аз ачыгыраак футболкаларды же көкүрөк тушунда бүйүрмөлөрү бар көйнөктөр менен бул кемчиликти жашыра алышат.
Аксессуарлар
Аксессуарлар– азыр асем буюмдардын түрү көп. Моюнга асем буюм же шарф жарашышы моюндун узундугунан же кыскалыгынан көз каранды. Моюну кыскалар V түрүндөгү жакаларды тандагыны оң. Шарф же жоолук моюндун кыскалыгын ого бетер жагымсыз көрсөтүп коёт. Кыска моюндууларга оролуп турган асем буюмдар жарашпайт. Алар узун чынжырча тагынганы оң. Ал эми моюну узундарга бардыгы жараша берет. Тегерек беттүүлөр сүйрү же узун сөйкө тагынганы оң.
Жалпысынан кийинүүнүн стили беш түргө бөлүнөт:
1.Гламур бул – классикалык стиль. Кечелерге, салтанаттарга кийинүү.
2.Рок – кара түстөргө басым жасала турган жаштардын кийими. Өзгөчөлүгү, ар кандай кайыш, металлдар менен кооздолот.
3.Дзен – чыгыш стилиндеги кийимдер.
4.Спорт – түшүндүрүүнүн кажети жок.
5.Поп – бардык стилди аралаштырып кийинүү
Ссылка: https://barometr.kg/ajymdardyn-kijim-tandoodogu-katalary
Добавить комментарий ×