Айымдар идеалдуу болууга кызыкдарсызбы?

14 сентябрь 2022 11:50 5506 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аялдар кандай гана кырдаал болбосун аял бойдон калуусу керек. Сыртта аба ырайы суук болобу, көңүлү жок болобу, же дүкөнгө нан алууга чыктыбы, аял — өзүн эч таштабастан, дайыма тыкан жана жакшы алып жүрүшү керек. Бул тууралуу адистердин сунуштарыная таянып "Барометр" билдирет.

Мен дүкөнгө чыгаарда бетке  косметика коюш керек дегеним жок. Аял косметикасыз деле жакшынакай боло алат. Бул темада косметика эмес, аялдын өзүн өзү келишимдүү, тыкан алып жүрүүсү тууралуу айткым келет. Мисалы: чачты тароо, кашты терүү, бут кийимдин чаңын сүртүү. Бул чындыгында оор деле эмес. Эч кандай финансыны талап кылбайт, бирок эстен кеткис таасир калтырат. Тапкан акчабызга же жашап жаткан ыргакка карабай, жумушта же театрда болобузбу, сейилдеп жүрөбүзбү, талаада иштеп жүрөбүзбү же балдарды эс алдырып жүрөбүзбү – аял дайыма өзүн карап жүрүшү керек. Анткени өзүнө тыкан болуу адамдын социалдык статусуна, көңүлүнө, же кандайдыр бир эрежелерге карабайт. Эмнеси болбосун аялдын чачы таза, маникюру калыбында жана кийими үтүктөлгөн болушу керек. Ошондо сизге “Кантип баарына жетишип жатасың? ” деген суктануу суроолору берилет. Бул өтө жагымдуу мактоо. Келишимдүү болуу бул өзүнө тыкан болуу. Алдыда келишимдүү айым болууга кичине болсо бир канча кеңештер.

 Өзүңө убакыт бөл. Кандай гана үй-оокатынан чарчабаңыз же башка себептер менен оор күн болбосун, өзүңүзгө күн сайын убакыт бөлүңүз. Болгону күнүнө жарым же бир саат. Бул убакыт ичинде сиз бети-башыңызды жууп, эртең менен жана кечкисин душка түшүп, макияж койууга толугу менен жетишесиз. Эсиңизге тутуңуз, муну ар күн сайын кылыш керек. Тазалык бул аял үчүн өтө маанилүү. Күндү душка түшүү менен баштаңыз душ менен бүтүрүңүз. Төбөңүздөн баштап тырмагыңыздын учуна чейин таза болушу керек. Аялдын тазалыгы тез эле билинет. Ал таза болсо жагымдуу жыттанып, тазалык жана тыкандыктын флюиддерин бөлүп турат.

Айымдар ар дайым бактылуу болуусу өзүбүздүн аракетибизден. Мына ошондо гана айымдар идеалдуудай көрүнөт.

Ссылка: https://barometr.kg/ajymdar-idealduu-boluuga-kyzykdarsyzby



Добавить комментарий