Айымдар беш түргө бөлүнөт. Сиздин жубайыңызчы...

21 ноябрь 2019 09:29 5289 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аялдар кандай түргө бөлүнөт?

Аялдын табиятын жараша адистер үй-бүлөнү бекемдөө боюнча төмөнкүдөй кеңештерди беришет. 

 Аял жасалга – мындай айымдын көңүлүн капчыгы калың эркек гана бурдура алат. Жасалга айымдар камкордука муктаж. Кыялы чорт, мүнөзү жаш баланыкындай. Бул түргө кирген аялдар күйөөсүнө кыйын убакта колдоо көрсөтө албайт. Колунан келген жалгыз нерсе – кандай күн, кандай кырдаал болбосун дайыма сулуу болуп, өзүнө жакшы кам көрүп жүрүү.

Аял эне – күйөөсүн канатына калкалап, колтугуна кысып жүргөн аялдар. Дайыма кири жуулу, тамагы жасалуу. Эркек жыйырма же элүү жаштабы мааниге ээ эмес. Анын кызыкчылыгы дайыма корголуу. Бир жаман жери, мындай аялга туш болгон эркек бийликти аялына кантип өткөрүп бергенин өзү аңдабай калат.

Аял –дос- жогорудагы эки түрдү өзүнө камтыган айым. Акылдуу, камкор, бирок өзүнө да өзгөлөргө да катуу талап кое билген айым. Кээде катаал, айрым учурда жумшак, мээримдүү болуп чыга келет. Эркекке кыйын учурда жардам көрсөтүп кыл көпүрөдөн алып өткөнгө жарайт.

Аял-жырткыч – мындай аялдан үй-бүлөдө лидерликти талашпай эле койгон оң. Каражат жагынан маселе жаралса сизге жеткирбей эле өз алдынча чечип, жүгүңүздү жеңилдетет. Узак жашап нервди козгобоюн десеңиз чыр-чатак чыкканда унчукпай четке жылганыңыз оң. Сиздики туурабы же жокпу териштирип отурбайт. Баардык кырдаалда же көпчүлүк учурда сиз күнөөлү деп табыласыз.

Аял –кожейке – түшүнүгү казан-аяк менен чектелген айым. Үйдө баары ирети менен, тазалыкты сактай билет. Бирок балдарын өз алдынча багып кетүүгө жөндөмү жок. Үйдөгү майда түйшүктөрдү мойнуңузга артпай баарын өзү бүтүрөт. Мындай айым менен жашоо даяр мейманканада жашаганга барабар. Бир кемчилдиги дүйнө таанымы үй-бала менен чектелет.

Ссылка: https://barometr.kg/ajymdar-besh-trg-blnt-sizdin-zhubajyyzchy



Добавить комментарий