Айылдаштардын арасына нике түндөгү видео тарап ызы-чуу чыкты
Тажикстанда 19 жаштагы Идимо Шерованын нике түнү чыныгы коркунучтуу түнгө айланды. Анын жубайы Фируз Мухаммадраджаб кыз эмес деп айыптап чуу чыгарды.Бул тууралуу “Озоди” радиосу билдирди.
“Ал кыз белгисинен сегиз жашында айрылганын айтты. Бул тууралуу видео да бар”,-дейт Фируз.
Идимо Шерова нике түнүндө күйөөсү уруп-сабап, мажбурлап видеого тартканын айтты.
“Мен катуу коркуп таң атканга чейин анын айткандарын жасадым. Ал мени күнөөлүү экенимди мойнума аласың деди. Бирок мен болбой койгондо асып өлтүрөм деди. Мен 13 жашымда кошунамдын баласы менен мамиле кылгам деп жалган айттым”,-деп билдирди аял “Озоди” радиосуна.
Идимо Шерова Дангар райондук сотуна кайырылып моралдык чыгым үчүн 5 миң доллар талап кылган. Бирок сот анын пайдасына маселени чечкен жок.
Идимо төрт ирет медициналык кароодон өткөнүн төрт ирет тең ал кыз экенин айтып бүтүм чыгарып беришкенин билдирди.
Анын күйөөсү болсо нике түндө тартылган видону айылдаштарына таратып, сотто күбөлүк катары колдонууда.
Ссылка: https://barometr.kg/ajyldashtardyn-arasyna-kyz-belgisi-boyuncha-video-tarap-yzy-chuu-chykty
Добавить комментарий ×