Айылдаштардын арасына нике түндөгү видео тарап ызы-чуу чыкты

14 июнь 2019 15:16 17023 2 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тажикстанда 19 жаштагы Идимо Шерованын нике түнү чыныгы коркунучтуу түнгө айланды. Анын жубайы Фируз Мухаммадраджаб кыз эмес деп айыптап чуу чыгарды.Бул тууралуу “Озоди” радиосу билдирди.  

“Ал кыз белгисинен сегиз жашында айрылганын айтты. Бул тууралуу видео да бар”,-дейт Фируз.

Идимо Шерова нике түнүндө күйөөсү уруп-сабап, мажбурлап видеого тартканын айтты.  

“Мен катуу коркуп таң атканга чейин анын айткандарын жасадым. Ал мени күнөөлүү экенимди мойнума аласың деди. Бирок мен болбой койгондо асып өлтүрөм деди. Мен 13 жашымда кошунамдын баласы менен мамиле кылгам деп жалган айттым”,-деп билдирди аял “Озоди” радиосуна.  

Идимо Шерова Дангар райондук сотуна кайырылып моралдык чыгым үчүн 5 миң доллар талап кылган. Бирок сот анын пайдасына маселени чечкен жок.

Идимо төрт ирет медициналык кароодон өткөнүн төрт ирет тең ал кыз экенин айтып бүтүм чыгарып беришкенин билдирди.

Анын күйөөсү болсо нике түндө тартылган видону айылдаштарына таратып, сотто күбөлүк катары колдонууда.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/ajyldashtardyn-arasyna-kyz-belgisi-boyuncha-video-tarap-yzy-chuu-chykty



Добавить комментарий

  • Ал экоо кандай абалда уйлонушуптур? Аялды ошончо кордоп нике туну эле ургудай? Кыз эмес экенсин деп эле кетирип ийууго болбойт бекен? Негизи кызык эле жашоого бара жатабыз. Аялды куноолодон мурун эркек адам ушуга татыктуу жар боло аламбы деп озуно суроо берди бекен?
  • Батырбек 6 лет назад
    Кээ Бир инсандар бар, аялды Кул деп баалаган. Аял бул эне, аял жар, аял назик гул сыяктуу болот. Кыздык маанилуу эмес. Бактылуу болуу маанилуу.