Айыл-чарба тармагын колдоого багытталган мыйзам долбоору коомдук талкууда

27 февраль 2019 12:40 2191 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

“Бир Бол” парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов жана депутат Акылбек Жапаров Кыргызстандын агрардык секторун колдоо жана айыл-чарбасынын эффективдүү иштөөсүнө шарт түзүү максатында Мыйзам долбоорун иштеп чыгышты.

Мыйзам долбоорунда айыл чарбасында, багбанчылыкта, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайында, үй канаттууларын багууда жана балчылыкта пайдаланылган импорттолуучу товарларды КНСтен бошотуу сунушталган.

Себеби өлкөнүн калкынын 65% жакыны айылда жашаганы менен айыл-чарба тармагында эмгектенүү барган сайын төмөндөп бара жатат (2000-жылы 45,3%, 2017-жылы 29,2%). Ушуга байланыштуу айыл-чарба тармагын колдоо боюнча комплекстүү иштерди алып баруу зарыл.

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбоору 2019-жылдын 25-февралынан тартып коомдук талкууга коюлду.

Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн депутаттар КНС төлөөдөн бошотууну сунуштаган тизме төмөндө:

1) асыл тукум айыл чарба жаныбарлары жана үрөндүк материалдар, бал берүүчү аарылар, туут эне аарылары, көчөттөр;

2) минералдык жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү химиялык коргоочу каражаттар;

3) айыл чарбасында, багбанчылыкта, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайында, үй канаттууларын багууда жана балчылыкта пайдалануучу жабдуулар, жабдыктар жана түзүлүштөр, механикалык колдонмолор, таңгактоочу материалдар жана идиштер;

4) айыл-чарба техникаларына тутумдар, агрегаттар, кыймылдаткычтар жана запастык бөлүктөр, шиналар жана комплекттөөчү буюм-тайымдар.

Ссылка: https://barometr.kg/ajyl-charba-tarmagyn-koldoogo-bagyttalgan-myjzam-dolbooru-koomduk-talkuuda



Добавить комментарий