Айыл чарба министрлиги: "Кыргызстанда лабораториялар Евросоюздун талаптарына толук жооп берет"

16 январь 2019 10:35 1090 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандагы айыл чарба продукцияларын текшерүүдө жетиштүү лабороториялар бар, бардыгы заманбап техникалар менен жасалып чыкты деп билдирди Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев бүгүнкү парламенттеги жыйында. 

Депутат Руслан Казакбаев Кыргызстандагы лабороториялар боюнча сөз козгоп, эттин, сүттүн көлөмүн алганда канча жерди лаборотория куруш үчүн тарнсформация кылыш керек, канча акча керек, так маалыматыңар барбы?-деп сурады.

Буга айыл чарба министринин орун басары: "Бүгүнкү күндө он тогуз ветеринардык лаборотория бар, анын экөө улуттук болот. Улуттук лаборотория толук заманбап жабдуулар менен жабдылган. Евросоюздун талаптарына толугу менен жооп берет. Өкмөттөн бөлүнгөн 170 миллион акча каражатына каржыланып бүттү. Өлкөдөгү сүттү, этти экспорттоого жетиштүү"-деп жооп берди. 


Ссылка: https://barometr.kg/ajyl-charba-ministrligi-kyrgyzstanda-laboratoriyalar-evrosoyuzdun-talptaryna-toluk-zhoop-beret



Добавить комментарий