Айыл чарба министрлиги: "Дыйкандар сууга төлөбөйт, ресурс катары суу бекер"

31 январь 2019 16:11 1433 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Дыйкандар сууга төлөбөйт. Бирок, сууну жеткирилип берилгендиги үчүн жасалган тейлөө кызматына төлөшөт. Мындай маалыматты Айыл чарба министрлиги бүгүнкү парламенттик жыйында билдирди.

"Айыл чарба жерлерине, сугат жерлерин сугаруу максатында пайдаланышса сууга төлөм акысыз болот. Бирок дыйкандарга атайын лимит берилет. Эгерде лимиттен ашып кетсе, анда төлөнөт"-деди. 

Бирок, дыйкандар учурда сууну жеткирүүнүн акысын төлөп жатышат деди. Мындай баш айланткан маалыматка көпчүлүк депутаттар түшүнбөй калыштыбы, тактоо үчун суроолор көп берилди. 

"Суунун кызмат акысыбы, суунун өзүбү дыйкандардын кандай иши бар, алар сууга төлөп жатабыз деп айтышат. Маалыматты так берсеңиздер"-деди депутат Кенжебек Бокоев. 

Буга министрликтен: "Жаратылыш ресурсу катары суунун өзүнө төлөнбөйт, бирок канал аркылуу келип жаткандыктан кызмат акысына төлөшөт"-деп жооп беришти. 

Бүгүн 31-январда парламентте суу тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатат. 

Короого кирген суулар бекер деп койдуңуздар, эртең дыйкандар келип суу бекер экен деп айтышат. Мураб келип кызмат акысын сураса, элдер төлөбөйт. Андыктан элдин башын айландырбай, так түшүндүрүп берсеңиздер, мага эмес элге түшүндүргүлө-деди төрага Дастан Жумабеков. 



Ссылка: https://barometr.kg/ajyl-charba-ministrligi-dyjkandar-suuga-tlbjt-resurs-katary-suu-beker



Добавить комментарий