Айтурган Темирова: "Өзүм алыста болсом да жүрөгүм Кыргызстанда"

14 июль 2020 11:28 3928 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дүйнөлүк апаатка каршы бардык кайдыгер эмес инсандар бир муштумга биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып иш алып барып жатканына КРнын эл артисти Айтурган Темирова сыймыктанаарын айтты. Бул тууралуу актрисанын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти Айтурган Темирова мекенинен алыста болсо да, Кыргызстандагы кырдаалга кабатыр болуп, вирус менен күрөшүп жаткан элине, кайдыгер карабаган коомго, дарыгерлер менен сыймыктанаарын билдирди.

«Тилекке каршы, таажы вирусу Кыргызстанды кыйгап өтпөй, элибиздин башына апаат күндөрдү алып келди. Учурда илдет менен күрөшүп жаткандарга ден соолук каалайм, батыраак сакайып чың күндөргө кайтып келиңиздер. Өз өмүрүн тобокелге салып, кызыл зонада иштеп жаткан эр жүрөк дарыгерлерге таазим этем. Азыркы күндөгү сиздердин мекен үчүн кылып жаткан эмгегиңиздер ат көтөргүс. Сиздерге чын дилден ыраазычылык билдирем! Өзүм алыста болсом да жүрөгүм Кыргызстанда. Мекенимдеги кырдаал жөнүндөгү маалыматтарды мүнөт сайын окуп турам. Элим менен кошо ыйлап, кошо кубанып жашап жатам», - деди актриса.

Ошондой эле, Темированы кыргыз элинин биримдикте иш алып баруусу өтө кубантканын айтты.

«Мени эң кубантканы – бул кыргызстандыктардын биримдиги. Башыбызга караан күн түшкөндө эч ким четте калбай, бири-бирине кол кабыш кылып, өз өмүрүн тобокелге салып, жардамдашып жаткан күчтүү жарандык коом бар экени мени сыймыкка бөлөдү. Пандемиянын экинчи толкуну катуу сокку урду. Мына ушул соккуга каршы биздин дарыгерлер башында турган ыктыярчылар, ишкерлер, маданият кызматкерлери, бардык кайдыгер эмес инсандар бир муштумга биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып иш алып барып жатышат. Бул урпактарыбызга сабак боло турчу иш. Ушундай элдин кызы экендигиме сыймыктанам!», - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, эл сыймыгы учурда Чехиянын Брно шаарында жашайт. Аталган өлкөнүн «Баррандов фильм» киностудиясында тартылып келет. Кыргыз этникалык – фольклердук стилде «Аруузат» жыйнагын чыгарган. Өзүнүн тобу менен жеке ырчы катары Айтурган Темирова ырдап келет.

 


Ссылка: https://barometr.kg/ajturgan-temirova-zm-alysta-bolsom-da-zhrgm-kyrgyzstanda



Добавить комментарий