Айсулуу Тыныбековага добуш бериңиздер. Онлайн чемпионатта сиздердин колдооңуздарга муктаж

2 декабрь 2020 15:12 1984 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону, Кыргызстандын сыймыгы Айсулуу Тыныбекова United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюштурган онлайн чемпионатка катышууда.

United World Wrestling  инстаграмм социалдык тармагындагы колдонуучулар арасында сурамжылоо жүргүзүп жатат. Андан соң,  добуш берүүнүн жыйынтыгы менен эң мыкты балбандарды аныктайт.

Уюштуруучулар атайын турнирдик схема түзүштү. Жыйынтыгында, күйөрмандардан эң көп добуш алган спортчу ошол схема менен андан кийинки турга өтөт.

Мелдештин шарты боюнча 16 балбан ат салышып,  алар эки топко бөлүнүштү. Кыз-келиндер арасындагы эркин күрөштүн жылдыздары, Айсулуу Тыныбекова баш болгон сегиз кыз схеманын бир тарабында ат салышат. Ал эми, кыз-келиндер арасындагы эркин күрөштүн легендалары дагы сегиз адам экинчи тарабында таймашат.

Онлайн турнирге ат салышып жаткан балбан кыздар:

Азербайджандык балбан кыз, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Мария Стадник;

АКШнын балбан кызы, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Хелен Марулис;

Австриянын балбан кызы, дүйнө чемпиондугунда беш жолу алтын медаль тагынган Никола Хартманн;

Индиялык балбан кыз, Азия жана дүйнө чемпионаттарында байгелүү орнударды алып келген Винеш Пхогат;

Россиялык балбан кыз, Олимп оюндарынын жана дүйнөнүн чемпиону Наталья Воробьёва;

Япониялык балбан кыз, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Сейко Ямамото;

Япониялык балбан кыз, дүйнөнүн үч жолку чемпиону Рисако Каваи;

Кыргызстандык балбан кыз, Азиянын үч жолку жана  дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова;

АКШнын балбан кызы, дүйнөнүн беш жолку чемпиону Аделина Грей;

Япониянын балбан кызы, дүйнөнүн 13 жолку чемпиону Саори Ёсида;

АКШнын балбан кызы, Олимп оюндарында күмүш медалдын ээси Сара Макмэнн.

Кыргызстандан чыккан чемпион кыз  Айсулуу Тыныбекованы колдоп, добуш берип, жеңишке сүрүп чыгууга толук мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн болгону, төмөндө көрсөтүлгөн атайын шилтеме аркылуу инстаграммдын сторис бөлүмүнө кирип, добуш берүүгө болот.

https://www.instagram.com/unitedworldwrestling/

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekovaga-dobush-beriizder-onlajn-chempionatta-sizderdin-koldoouzdarga-muktazh



Добавить комментарий