Айсулуу Тыныбекова өзүнүн атына ачылган фейк аккаунттарга ишенбөөгө чакырды
Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова кыргызстандыктарды өзүнүн атына ачылган фейк аккаунттарга ишенбөөгө чакырды. Бул тууралуу спортчу өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.
“Урматтуу достор!
Менин атымдан белгисиз адамдар Фейсбукта фейк баракча ачып алдамчылык менен акча табуунун аракетин көрүп жатышат. Мындай көрүнүшкө капамын жана баракчанын ээлеринен ар түрдүү жалган акцияларды уюштурбоону өтүнөм.
Тилекке каршы, бул фейк маалыматка ишенип миңдеген адамдар акцияга катышып жаткандары көрүнүп турат.
Жалпы катталуучуларымдан скриншоттордо көрсөтүлгөн баракчага кирип “Пожаловаться” баскычын басып коюуну суранам”,-деп жазды Тыныбекова.
Бул видеодо жасалма аккаунт берилген.
Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-znn-atyna-achylgan-fejk-akkaunttarga-ishenbg-chakyrdy
Добавить комментарий ×