Айсулуу Тыныбекова япониялык спортчуга жеңилип калды

12 сентябрь 2022 22:18 1867 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова финалга чыга албай калды.

Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак категориясында мелдешти.

Биринчи кармашта Тыныбекова болгариялык балбанды жеңип, 1/4 финалда немис кызын жеңгенден кийин, 1/2 финалга жолдомо алган.

Финалга чыгуу үчүн күрөштө Тыныбекова жапониялык Нонока Озаки менен беттешип, 5:11 эсебинде жеңилип калды.

Эми, 13-сентябрда балбан кызыбыз коло үчүн күрөшөт.


Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-yaponiyalyk-sportchuga-zheilip-kaldy



Добавить комментарий