Айсулуу Тыныбекова: Менин ысымымды күйөрмандарым кыздарына ыйгарып келишет

31 октябрь 2020 11:59 3834 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова анын ысымын кыздарына ыйгарган ата-энелер жыл сайын көбөйүп жатканын сыймыктануу менен кабыл аларын билдирди. Бул тууралуу чемпион кыздын фейсбук баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип «Барометр» билдирет.

“Ат-Башылык журналист мырза Майрамбек Осмоналиевич ширин кызына Айсулуу деп менин ысымымды ыйгарыптыр. Быйыл Айсулуу төрт жашка толду. 2016-жылы Олимпиада оюндарына катышып жүргөн кезим экен.

Ата-энесине, жакындарына жана Айсулуу сиңдиме узун өмүр каалайм! Ата-энесин жер каратпаган, кыргыз эли сыймыктанган кыздардан болсун!

Кыздарына менин ысымымды көптөр ыйгарып келишет. Жеке кат менен Айсулуу деген ысым ыйгарганын тастыктаган күбөлүктөрүн жөнөтүшөт. Кээ бирлеринде аты-жөнү да Айсулуу Тыныбекова. Абдан сүйүнөм. Мен үчүн бул өтө чоң сыймык жана жоопкерчилик. Сиңдилерим аман болсун! Айсулуулар көп болсун”, - деп жазды Тыныбекова.


Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-menin-ysymymdy-kyzdaryna-yjgargan-ata-eneler-zhyl-sajyn-kbjd-ajsuluular-kbj-bersin



Добавить комментарий