Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы Хорватияда өтө турган турнирде күч сынашат

31 январь 2023 10:04 584 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы Хорватияда өтө турган турнирге катышат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына таянып “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, күрөш боюнча кыз-келиндер арасындагы курама команданын мүчөлөрү Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы Хорватиядагы "Zagreb Open" эл аралык турнирине катышат.

Айсулуу 62 килограмм салмактагылар арасында, Айпери 76 килограмм салмактагылар арасында чыгат.

Белгилей кетсек, рейтинг топтоочу турнир 1-5-февраль күндөрү Хорватиянын борбору Загребде өтөт.



Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-menen-ajperi-medet-kyzy-horvatiyada-t-turgan-turnirde-kch-synashat



Добавить комментарий