Айсулуу Тыныбекова кайрылуу жасады. "Жеңиш элимдики. Кыргыз элиме ыраазымын"
Эркин күрөш боюнча Дүйнөлүк Кубокто алтын медаль жеңип алган балбан кыз Айсулуу Тыныбекова кыргыз элине ыраазычылыган билдирди. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Унутулгус сезимдер! Кыргыз элиме ыраазымын. Жеңиш элимдики”, - деп жазды Тыныбекова.
Эске сала кетсек, ушул күндөрү Сербияда күрөш боюнча Дүйнөлүк Кубок өтүп жатат. Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова финалдык беттеште латвиялык Анастасия Григорьева менен күч сынашты. Алгачкы секундалардан баштап, кыргызстандык балбан кыз өзүн көрсөтүп, ишенимдүү күрөштү.
Беттешти биринчи мезгилде эле Тыныбекова 14:0 эсеби менен эрте жеңишке жетип, мелдештин алтын медалын жеңип алды.
Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-kajryluu-zhasady-zheish-elimdiki-kyrgyz-elime-yraazymyn
Добавить комментарий ×