Айсулуу Тыныбекова үч кармашта тең жеңип, күрөш боюнча Азия чемпиону болду

26 апрель 2019 18:40 2977 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азия чемпиону болуп, алтын медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү кабарлады. 

Азия чемпионаты Кытайдын Сиан шаарында өтүп жатат. Тыныбекова 62 килограмм салмактагы балбандар арасында күч сынашып, үч кармашта тең жеңип чыкты. Биринчи беттеште Өзбекстандан келген Набира Эсенбаеваны жеңсе, Таиланддан келген Салинее Списомбат менен Япониядан келген Юкако Каваи дагы Айсулудан жеңилишти.

Азия биринчилиги Кытайдын Сиань шаарында ушул күндөрдө өтүп жатат. 23-апрелде башталган оюндар 28-апрелде аяктайт. Анда Кыргызстандын атынан 10 балбан катышып, оюнда жалпы 30 комлект медаль ойнотулууда.

Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында күмүш медаль татыган.  

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-ch-karmashta-te-zheip-krsh-boyuncha-aziya-chempionu-boldu



Добавить комментарий