Айсулуу Тыныбекова: Бизди жылуу кабыл алган Түркиянын машыктыруучуларына ыраазыбыз

12 декабрь 2020 10:53 2581 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын Түркиядагы Дүйнөлүк Кубокко болгон даярдыгы аяктады. Бул тууралуу эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

“Кыз-келиндер курама командабыздын Дүйнөлүк Кубокко даярдануу максатында Түркиянын курама командасы менен биргелешкен машыгуу жыйынын аяктады.

Түрк күрөш федерациясына, ошондой эле, Түркиянын кыз-келиндер күрөш командасынын машыктыруучуларына жылуу кабыл алганы үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - деп жазды Тыныбекова.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк Кубокко ийгиликтүү даярдануу максатында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөлөрү 26-ноябрдан 12-декабрга чейин Стамбул шаарында (Түркия) эл аралык машыгуу өткөрүү үчүн учуп кетишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-bizdi-zhyluu-kabyl-algan-trkiyanyn-mashyktyruuchularyna-yraazybyz



Добавить комментарий