Президент коронавирустан улам түзүлгөн социалдык-экономикалык абалды жөнгө салуучу мыйзамга кол койду
Президент Сооронбай Жээнбеков «Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин Басма Сөз кызматы билдирди.
Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 1-апрелинде кабыл алынган.
Мыйзам жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 4-берененин 1-пунктунун «а» пунктчасын кошпогондо, 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Маалымат иретинде: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Президентинин расмий сайты Мыйзамдын расмий жарыялоо булагы болуп эсептелет.
Ошондой эле бул Мыйзам «Эркин тоо» газетасынын жакынкы санында жарыяланат.
«Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тексти менен ушул жерден таанышсаңыз болот.
Ссылка: https://barometr.kg/ajrym-myjzam-aktylarga-zgrtlrd-kirgiz-zhnnd
Добавить комментарий ×