Президент коронавирустан улам түзүлгөн социалдык-экономикалык абалды жөнгө салуучу мыйзамга кол койду

3 апреля 2020 12:29 1140 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков «Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин Басма Сөз кызматы билдирди. 

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 1-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 4-берененин 1-пунктунун «а» пунктчасын кошпогондо, 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Маалымат иретинде: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык,  Президентинин расмий сайты Мыйзамдын расмий жарыялоо булагы болуп эсептелет.

Ошондой эле бул Мыйзам «Эркин тоо» газетасынын жакынкы санында жарыяланат.

«Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тексти менен ушул жерден таанышсаңыз болот.

Ссылка: https://barometr.kg/ajrym-myjzam-aktylarga-zgrtlrd-kirgiz-zhnnd



Добавить комментарий