Айпери Медет кызы Сербияда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат

20 октябрь 2021 12:10 7447 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы 23 жашка чейинки спортчулар арасында спорттук күрөш боюнча өткөрүлө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Турнир 1-7-ноябрда Сербиянын Белград шаарында өткөрүлөт.

Олимпиадалык спорттун түрлөрү дирекциясынын эсебинен Кыргызстандын аялдар курама командасынан эки спортчу жана башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков чемпионатка жөнөтүлөт. Ошондой эле курамга башка каражаттардын эсебинен бара турган спортчу кыздар кошулушу мүмкүн.

Медет кызы үчүн бул турнир акыркы 3 айдагы үчүнчү ири мелдеш болуп калмакчы. Ал август айында Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында 5-орунду алган, ал эми күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло медалга ээ болгон.

Аялдар курама командасынын курамы:

57 кг салмакка чейин - Назира Марсбек кызы

76 кг салмакка чейин - Айпери Медет кызы

Башкы машыктыруучу-Нурбек Изабеков.

Ссылка: https://barometr.kg/ajperi-medet-kyzy-serbiyada-t-turgan-djnlk-chempionatka-katyshat



Добавить комментарий