Айпери Медет кызы күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду

5 ноябрь 2021 09:59 15320 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Айпери Медет кызы күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу “Барометр” кабарлайт.

Кечээ, 4-ноябрда кыргызстандык спортчу кыз финалда алтын медаль үчүн Колумбиядан келген балбан менен күрөшкөн. Айпери Медет кызы Татьяна Рентерияны 3:1 эсебинде жеңип чыгып, алтын медалга ээ болду.

Эскерте кетсек, 23 жашка чейинки курактагы спортчулардын арасындагы турнир Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Кыргызстандын спортчу кечээ, 3-ноябрда 75 кг салмакка чейинки категорияда турнирге катышты.

Медет кызы адегенде Эквадор менен Индиядан келген балбандар менен килем үстүнө чыгып, жеңди. Жарым финалда 8:0 эсебинде америкалык спортчуну утту.

Алтын үчүн боло турган финалдык беттеште Медет кызы Колумбиядан келген спортчу менен күрөшүп 3:1 эсебинде утту.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ajperi-medet-kyzy-krsh-boyuncha-djn-chempionu-boldu



Добавить комментарий