Айпери Медет кызы казакстандык балбан кызга жеңилип, күмүш медалдын ээси болду

11 апрель 2023 21:19 2110 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Айпери Медет кызы Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда күмүш медаль жеңди. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт. 


Белгилүү болгондой, финалда балбан кызыбыз казакстандык балбан Эльмира Сыздыковага жеңилип калды. 

Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалда кореялык кызды 43 секундда жеңип алды. 

Жарым финалда Япониянык балбанды 3:2 эсебинде жеңип финалга жолдонмо алды. 

Финалда кыргызстандык спортчу казакстандык Эльмира  Сыздыковага жеңилип калып, күмүш медаль тагынды. 

Ссылка: https://barometr.kg/ajperi-medet-kyzy-kazakstandyk-balban-kyzga-zheilip-kmsh-medaldyn-eesi-boldu



Добавить комментарий