Айпери Медет кызы Канаданын Олимпиада чемпионун 67 секундада жеңип алды
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Украинада өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирдин финалына чыкты. Бул тууралуу Спорттук күрөш боюнча федерациясынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Турнир 26-февралда Ураинанын Киев шаарында башталды, кыргызстандык балбан кыз 76 кг салмакка чейин күч сынашты.
Баштапкы беттеште Айпери Медет кызы украиналык Анна Мельникти 10:0 эсебинде жеңип, чейрек финалда венгриялык Надия Бернадетти 2:0 эсебинде ишенимдүү жеңип алды.
Финалга чыгуу үчүн күрөштө Айпери Медет кызынын атаандашы Канаданын учурдагы Олимпиада чемпиону Эрика Вэйбе болду. Кыргызстандык балбан кыз аны 67 секундада далысын килемге тийгизип, финалга чыкты.
Чечүүчү күрөштө анын атаандашы эстониялык Мае Эпп болмокчу. Кармаш бүгүн, 27-февралда болот.
Добавить комментарий ×