Айпери Кубик кызы: Мырзалар, төрөткөндү эле билбей, бакканды дагы үйрөнбөйсүңөрбү!
Ырчы Айпери Кубик кызы учурдагы абалга байланыштуу муктаждарга жардам көрсөтө баштады. Бул тууралуу аныни социалдык тармактагы баракчасына таянып “Барометр” билдирет.
Ырчы айым ага кайрылып жардам сурагандардын көпчүлүгү жалгыз бой энелер экенин белгиледи.
“Баса жардам көрсөтүп баштадым. Бүгүн жалгыз бой энелерге батирижана азык-түлүгүнө акчалай жардам көрсөттүм. Көпчүлүгү камерага тартпоону суранышканынан көрсөтпөөнү чечтим. Аллах күбө баарына. Бирок, эртең жок дегенде өзүмдү тартканга аракет кылам. Себеби отчёт катары видео керек. Акча которгондордун алдында жоопкерчиликтүүмүн», деп жазган ырчы.
“Муктаж адамдар абдан көп экен. Баарын караганга жетишпей жатам. Албетте көптүгү өкүнүчтүү. Төрт, беш бала менен калган жалгыз бой энелер бар! Мырзалар, төрөткөндү эле билбей, бакканды дагы үйрөнбөйсүңөрбү! Жоопкерчилик кайда? Аллахтан коркуш керек! Балдарды тирүүлөй жетим калтырып “не болсоң ошо бол” деп таштабай! Канча айым жазып, ыйлап жатышат. Аллахым колдосун”, - деп кошумчалады АйпериКубик кызы.
Ссылка: https://barometr.kg/ajperi-kubik-kyzy-myrzalar-trtknd-ele-bilbej-bakkandy-dagy-jrnbjsrb
Добавить комментарий ×